Чүйдүн Спартак айылында унаа күйүп, эки адам каза болду
Чүй облусунда автоунаада чыккан өрттүн кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү каза болду.
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, күн мурун, 20-январда саат 09:53 чамасында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Спартак айылынын чыгыш тарабында жол жээгинде Volkswagen Golf-3 үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, автоунаанын ичинде эки адамдын сөөгү табылган. Алдыңкы отургучта айдоочу, ал эми арткы оң отургучта жүргүнчү болгон. Каза болгондордун өздүгү такталган: айдоочу — О.Э., 2000-жылы туулган, Спартак айылынын тургуну. Жүргүнчү — Т.С., 2010-жылы туулган, орто мектептин 10 “А” классынын окуучусу.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, О.Э. аталган автоунааны 2026-жылдын 11-январында “Риом” автоунаа базарынан сатып алган. 13-январда сол фарасынын иштебей калганына байланыштуу электрикке кайрылган. Электрик автоунаанын техникалык абалы өтө начар экенин — электр зымдары ачык, коопсуздук талаптары сакталбаганын, салондун ичинде бензин жана түтүндүн жыты жыттанып тураарын айтып, автоунааны мындан ары айдоо өтө кооптуу экенин эскерткен.
Каза болгондордун сөөктөрү өлүкканага жөнөтүлгөн. Бул факты боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, окуянын анык жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл чаралар көрүлмөкчү.