Чүй, Ысык-Көл, Нарын суу менен камсыздалып, санитария системасы жакшыртылат

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документ 18-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Гранттык макулдашууга ылайык, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду тарабынан 300 миң кувейт динары (1 млн АКШ доллары) “Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо үчүн берилет.
Долбоор Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарын суу менен камсыздоо жана санитария системасын жакшыртуу, ошондой эле республикада суу секторун андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү максатын көздөйт.