Чүй, Талас жана Ош облустары “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдиктеринин көлөмү боюнча эң көп алышкан

 Чүй, Талас жана Ош облустары “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдиктеринин көлөмү боюнча эң көп алышкан

Чүй, Талас жана Ош облустары “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдиктеринин көлөмү боюнча эң көп алышкан. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусу “Кепилдик фонд” ААК тарабынан берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча лидер болгон. Берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 46 пайызын, башкача айтканда 1,12 млрд сомду түзгөн.

Экинчи орунда 142,9 млн сом (6 пайыз) менен Талас облусу, үчүнчү орунда 112,2 млн сом (5 пайыз) менен Ош облусу турат. Андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу – 108,8 млн сом (4,1 пайыз), Жалал-Абад облусу – 91,8 млн сом (3,9 пайыз).

Нарын облусунда 54,3 млн сомго (2 пайыз), Баткен облусунда 53,3 млн сомго (2 пайыз), Ош шаарында 104,2 млн сомго (4 пайыз) кепилдик берилген.

Фонддун колдоосу өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ишкерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыздап, региондук экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт.

Связанный пост