Чүй районунда 12 миңден ашык “акылдуу” эсептегичтер орнотулду

 Чүй районунда 12 миңден ашык “акылдуу” эсептегичтер орнотулду

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй райондук электр тармактарынын алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин текшерди.

Ведомстводон маалымдашканда, текшерүүнүн жүрүшүндө министр Чүй РЭТиндеги оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана учурда Чүй району боюнча акылдуу эсептегичти орнотуу иштери менен жакындан таанышты.

Министр акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерине өзгөчө көңүл бурууну, белгиленген мөөнөттө орнотуп бүткөрүүнү жетекчиге тапшырма берди.

Аны менен катар Чүй РЭТинин жетекчисине 1-ноябрга чейин оңдоп-түзөө, реконструкциялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырды.

“Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиевге электр куроочуларга жайкы жана кышкы бут кийимдер менен атайын кийимдерди өзүнчө берүүнү карап чыгууну эске алуу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Чүй РЭТинин эмгек жамааты менен жолугушуп, чечилбеген маселелер, аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Анда энергетиктер атайын техниканын эскиргенин, иштөө мөөнөтү аяктап калганын, айлык маяна маселесин карап берүүнү суранышты.

Министр айтылган сунуштарды угуп, кийинки жылы атайын техника маселеси чечилерин, аны менен катар айлык маянаны көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги бардык энергокомпанияларга алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү талабын койгон.

Коюлган талаптардын негизинде Чүй РЭТинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • 77 даана трансформатор капиталдык оңдоодон;
  • 376 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, реконструкциялоо иштеринин алкагында:

  • 5 даана жаңы трансформатор орнотулуп;
  • 8,2 чакырым СИП кабелдери тартылды;
  • 135 даана темир бетон мамыча орнотулуп;
  • 12 025 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Связанный пост