Чүй облусунун 400дөн ашуун тургуну “Кызыл китеп” алышты

 Чүй облусунун 400дөн ашуун тургуну “Кызыл китеп” алышты
Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Аламүдүн районунун Ак-Босого, Теңдик, Салкын-Төр конуштарынын тургундарына жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларын тапшыруу аземине катышты.
Аламүдүн районунун 400дөн ашуун тургуну жер мунапысынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыра алышты.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча облуста жер мунапысы боюнча иштер активдүү уланууда. Кийинки этап дачалардагы тилкелерди мыйзамдаштыруу болмокчу.
Бүгүнкү күндө жер мунапысы боюнча 42 миңден ашык арыз келип түшкөн, коомдук билдирүүдөн 27 590 арыз өтүп, 19 641 чечим чыгарылган.
Иш-чарадан кийин тургундар Кыргыз Республиканын Президенти Садыр Нургожоевичге, Канат Джумагазиевге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин, райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, үйлөрүнө жакшы маанайда тарап кетишти.

Связанный пост