Чүй облусунда жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу пландалууда
Чүй облусунда жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу пландалууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Чүй облусунун башчысы Азамат Осмонов болжол менен 15 жыл мурун жабылган “Камышановка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, инфраструктуранын канааттандырарлык эмес абалын көрүп чыкты.
Ага ылайык, ал жерде жүк автотранспортун өткөрүүгө ылайыкталган жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу каралууда. Бул долбоор импорт жана экспорт шарттарын жакшыртууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.