Чүй облусунда таштанды полигону жана от жагуучу жайдын абалы текшерилди

 Чүй облусунда таштанды полигону жана от жагуучу жайдын абалы текшерилди

Ысык-Ата районунун Токмок шаарындагы жана Гагарин айылындагы таштанды полигонунун абалы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекциянын жүрүшүндө таштанды полигонунун учурдагы абалына, анын ичинде топтолгон таштандылардын көлөмүнө, экологиялык ченемдердин сакталышына баа берилди.

Абанын сапатынын начарлашынын жана түтүндүн деңгээлинин жогорулашынын себептеринин бири болгон уруксатсыз өрттөөнү болтурбоого өзгөчө көңүл бурулду.

Гагарин айылындагы полигон карамагында турган Кант шаарынын мэри У.Майлибашев аянты 11,5 гектар болгон полигондун аймагына бийиктиги 2,5 метр болгон тосмо толугу менен орнотулганын белгиледи.

“Жакын арада күзөт кабинасы ишке берилет, видеобайкоо жана өрт коопсуздугу үчүн жабдуулар орнотулат. Мындан тышкары, полигондо таштандыларды сорттоону 2025-жылдан баштап баштоо пландаштырылууда”, – деп белгиледи мэр.

Эскерте кетсек, министр М.Машиев түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү жана калктын ден-соолугуна жана экологиялык кырдаалга терс таасирин тийгизүүчү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алуу үчүн таштанды полигондорун көзөмөлдөөнү жана от казандарын кышкы мезгилге даярдоону күчөтүүнү тапшырган.

Ысык-Ата районунун жана Токмок шаарынын отканалары алдыдагы жылытуу мезгилине карата текшерилди.

Связанный пост