Чүй облусунда контрабандалык күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүгө бөгөт коюлду

 Чүй облусунда контрабандалык күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүгө бөгөт коюлду

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Связанный пост