Чүй облусун жана Бишкекти газдаштырууга бөлүнгөн кредиттин көлөмү 1 млрд сомду түзүүдө

 Чүй облусун жана Бишкекти газдаштырууга бөлүнгөн кредиттин көлөмү 1 млрд сомду түзүүдө

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун бекиткен. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алууга Бишкек шаарын жана Чүй облусун жарандарына мамлекетик колдоо көрсөтүү.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд (бир миллиард) сомду түзүүдө.

Кредит алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты жогоруда аталган коммерциялык банктардан алсаңыздар болот.

Связанный пост