Чүй облусу боюнча УКМКнын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү

2023-жылдын 24-августунда КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Жаңы салынган имараты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды.

Ошондой эле, аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Джумагазиев, башкармалыктын өздүк курамы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук түзүлүп жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев актуалдуулукту эске алуу менен коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Связанный пост