Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
![Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/07/01ce1307-1058-4893-9e6c-d36bcc41efe5.730x400.jpg)
Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-июлда таңкы саат 6:10 чамасында өспүрүмдүн сөөгү Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
Өспүрүмдүн сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Белгилей кетсек, 21-июлда Чоң Чүй каналына 16 жаштагы А.Ч. аттуу өспүрүм түшүп кеткен. Ошол күндөн тартып ӨКМ тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген, бирок жыйынтык болбой жаткан.