Кыргызстандын жараны мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аныкталгандай Жалал-Абад шаарынын тургуну И.С.С. чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы ачыкка чыгып, кармалды. Белгилүү болгондой, И.С.С. 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ырсалиев тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.. Тактап айтканда, “Туңгуч” кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип […]Читать далее
Бишкек шаардык мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Пригородная айыл аймагындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө коррупциялык компоненттердин бар экендиги боюнча айрым фактылардын негизинде жеринде текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти […]Читать далее
Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызматка мамлекеттик финансылык контроль чөйрөсүндөгү коррупцияга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында Эсеп палатасынын инспектору опузалап акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Эсеп палатасынын башкы инспектору А.И.К. Кыргызстандын айрым чет өлкөлүк […]Читать далее
Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун жакын тууганынын атын жамынып, 500 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган “Памир-Строй” курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы […]Читать далее
Чет элдик жарандарга медициналык дипломдорду берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин алкагында Эл аралык медициналык университет жеке менчик жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын айрым кызматкерлерин кармады. Кармалгандар чет өлкөлүк жарандар менен акчалай сый акы үчүн кылмыштуу бүтүмгө кирип, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болбогонуна […]Читать далее
Шопоков шаарынын мэри коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдарына карата – товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу иштеринде, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 2023-жылдан азыркы учурга чейин Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан товардык материалдык баалуулуктарды […]Читать далее
Курал-жарак жана ок-дарыларды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д., ошондой эле чек ара кызматынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери Э.К.К. жана А.у.Н. кылмыштуу бүтүм менен РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну көздөгөндөрү аныкталган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чек […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык героин каналы жабылып, 600 млн сомдук 175 кг баңгизат алынды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор “героин” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы […]Читать далее
Коррупция фактысы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри жана мэриянын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары Кытайдан чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан. Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн натыйжасында автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, 30-июнда Кара-Балта шаарынын мэри М.Ж. жана “Жол курулуш […]Читать далее