Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалды. Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ЕАЭБдин товарлары үчүн чек ара бекеттери аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, “К.Ф.А.” ЖЧКсы тарабынан 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген фактысы аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын […]Читать далее
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош шаардык мэриясы 404 ч.м. жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, кароонун […]Читать далее
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасында ЕАЭБ аймагына кирген товарларга бажы контролун жүргүзүүнүн алкагында А.Т.Т.” ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун белгилери аныкталган. Армения Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына Түркия Республикасы аркылуу транзиттик жол менен […]Читать далее
Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” МИнин коммерциялык директору кармалды
Кыргыз Республиканын энергетика тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактыларын аныкташты. Алсак, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес. […]Читать далее
Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук милициясына арыз менен кайрылып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК башка милдеттер менен катар баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул багытта чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ал кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын жарандары – Д.С., К.Ж. жана РФ жараны – Д.Б. акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен КР УКМКна кайрылышкан. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-издөө иш-чаралары […]Читать далее
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз унаа ташуу фактысын аныкташты. 2023-жылдын 11-майында Бириккен Араб Эмираттарынан «Б.Б.И.» аттуу жарандын дарегине 2016-жылы чыгарылган Lexus-NX200T маркасындагы унаа келген. Көрсөтүлгөн унаага бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда унаанын чыгарылган […]Читать далее