КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн максаттуу иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Кыял” элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси” мамлекеттик ишканасынын имараттарында мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кыял” МИнин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын […]Читать далее
Ички иштер органдары тарабынан 2022-жылдын 12 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинен 765 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде, 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун […]Читать далее
Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнкү болжол менен саат 01.00 чамасында, Монголия мамлекетинен келген чала тааныш жаран аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде мас абалында […]Читать далее
Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталып 844 млн. 512 миң сом казынага кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынан билдиришти. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, […]Читать далее
Жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылуусунда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган […]Читать далее
2023-жылдын 26- апрель күнү болжол менен саат 08:07 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 51 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ жетекчилиги, райондук башкармалыктын ыкчам тергөө тобу жана тиешелүү кызматтар дароо жөнөп кетишти. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, окуучулар жана мектеп администрациясы […]Читать далее
Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 24-апрель күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам, ушул жылдын февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5500 […]Читать далее
Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон Караматхон Абдуллаева кармалды
Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Сырттан соттолгон К.Абдуллаева Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. К.Абдуллаева 2010-жылдагы […]Читать далее
КР УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү […]Читать далее
КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды: – 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы; – 3 […]Читать далее