Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү К.Б.А.ны кармады. Кармоо иштери ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. Шектүү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап […]Читать далее
Кочкордогу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 1 млн сомду кымырып алган деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан Ормон-Хан айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2024-жылы сатып алуулар планында каралбаган товарлар боюнча «Л.Г.» ЖЧКсы менен келишим түзүп, кызмат көрсөтүү иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, аталган коомдун эсебине каражаттын 50 пайызын аванс […]Читать далее
Бишкек жана Чүй облусунда жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу боюнча фактылар аныкталды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей иешелүү лицензиясы жок спирттик продукцияны өндүрүү жана сатуу ишмердүүлүгүнө катышкан бир нече жашыруун цехтер табылган. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (мыйзамсыз алкоголдук продукция өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуу учурлары катталды: […]Читать далее
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ч.Б. аттуу Кыргызстандын жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды. Алар кылмыштуу ишинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынышкан. Аталган факты […]Читать далее
Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири К.А.Б. “Кой-Таш” аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү […]Читать далее
Ошто суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда Ош шаарындагы суу чарба муниципалдык башкармалыгынын айрым кызматкерлери 2022-жылдан бери автоунаа жуучу жайлардан мыйзамсыз түрдө ар ай сайын кошумча 5 000 сомдон пара алып келишкенин билдирген. Жалпы келтирилген […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында автоунаалар үчүн химиялык каражаттарды мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, цехтин имаратында болжол менен 45 тонна техникалык спирт табылган. Ошондой эле көп сандагы этикеткалар, капкактар, таралар жана сатууга даярдалып жаткан продукциялар — антифриз, айнек жуугуч суюктук жана башка техникалык каражаттар аныкталды. Өндүрүш аймагы калк жыш жайгашкан “Спутник-22” […]Читать далее
Кыргызстандын Ички иштер министрлигин Казакстан жана Россия мамлекеттеринин ички иштер органдары менен биргеликте интернет алдамчылыгына байланышкан эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду. Ведомстводон билдиришкендей, кылмыштуу топ «SIM-Box» деп аталган адистештирилген түзүлүштөр аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Аталган технология кылмышкерлерге мобилдик байланыш аркылуу чалууларды жергиликтүү номур катары көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн же финансы […]Читать далее
Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ош шаарынын тургуну 1966-жылы туулган И.А. милицияга кайрылып, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан пара талап кылынганын билдирген. Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрында Ош шаарындагы «Жибек-Жолу» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы М.М. жана жер адиси З.М. дүкөнүнүн документтери жок экенин билип туруп, аны буздурбоо үчүн 17 миң сом пара […]Читать далее
Жоокерлерди ур-токмокко алган прапорщик менен ефрейтор камакка алынды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, күн мурун, 8-сентябрда Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор Т.у.Н. катардагы жоокерге карата физикалык күч колдонуу көрсөткөндүгү аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш […]Читать далее