Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т. Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун […]Читать далее
«Баткен» бажысынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында «З.Б.М.» аттуу жарандын башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүдө, унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн акциздик маркасы жок тамеки табылган. Кармалган товарлардын жалпы саны 94 куту же 940 миң даана тамекини түзгөн. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин – 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстан Республикасынын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын […]Читать далее
ИИМдин БМЖКККнын «Мак-2023» атайын иш-чаранын алкагында «Транзит» коддуу ат менен атайын операция жүргүзүү учурунда ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан Республикасы менен чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган. Кармалган шектүүнүн оң колунда көк түстөгү бир полимер баштык алынып, анын ичинде […]Читать далее
Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Ош шаарында «Ю.И.И.» аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн “Ozbekiston” деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, 2006-жылы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз токтому менен А.И. аттуу жаранга “Арча-Бешик” конушунун Ч.Иманкулов көчөсүндөгү (Түштүк магистраль менен чектешет) жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн бөлүнүп, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилип кеткендиги аныкталган. Райондук прокуратура […]Читать далее
УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды
Улуттук коопсуздук кызматы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, республиканын аймагындагы ар түрдүү кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) […]Читать далее
БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы Кыргыз Республикасынын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстан Республикасынан, Ирандан жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстан Республикасынын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген. Бул транзиттик декларацияларга ылайык, бул товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү […]Читать далее
УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, башка кызматкерлердин тобунун курамында Ош шаарынын тургунунан 400 миц сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды. Ош шаардык ИИБнин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз […]Читать далее