Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган. Бул факт боюнча Ысык-Көл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп […]Читать далее
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери дээрлик 60 тонна контрабандалык помидорлорду кармашты
Түндүк-Чыгыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузууну аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн алкагында (жаңы помидорлорду жалпы салмагы 40 000 кг.) товарды бара турган бажы органына жеткирбөө фактысы аныкталган. Жүк Түркмөнстан Республикасынан «С.у.К.» ЖИнин дарегине жөнөтүлгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 732 сомду түзгөн. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук продукцияны жөнөтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тиешелүү салыктарды төлөөдөн качууга алып келиши мүмкүн. “Пшеничная” аталышындагы сыйымдуулугу 0,07 литрлик 7 миң 193 даана аракка 0,05 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган. Продукция тартып алынып, бул факт боюнча материалдар […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды. Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу […]Читать далее
2023-жылдын 22-июнь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын “BMW X-5” үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирип, аларга карата чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Салык кызматы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды орноткон жана башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата жол жээктерин иретке келтирүү максатында рейддик иш-чара жүргүзүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Рейд, Чүй облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 232-чакырымынан тартып, 244-чакырымына чейинки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш.Д. окуудан чыгарам деп коркутуп, […]Читать далее