Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сот Жолдошбаевге карата чечимди 22-февралда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарган. Эскерте кетсек, 21-февралда УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалган.Читать далее
Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан ломбард уюмдары тарабынан алдамчылык жана ар кандай мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле борбор калаанын калкына бул жаатта ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өлкө жарандарына жогорку үстөк пайыз менен акча […]Читать далее
Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды таратууга жана интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, жогорку кызматтагы аткаминерлерге, бардар жарандарга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Тактап айтканда, 2024-жылдын 20-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” […]Читать далее
Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага […]Читать далее
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз […]Читать далее
Социалдык тармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир соцтармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө аталган социалдык тармактардын колдонуучусу М.Б. болуп чыккан. Видеоматериалдардын негизингде тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында бул […]Читать далее
“Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан уюштурулган (аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында […]Читать далее
Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. “Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, […]Читать далее
Ошто жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурда – “Кадастр” ММнын Ош филиалы) кызмат абалынан […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат УКТ мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, […]Читать далее