Кеминде баасы дээрлик 120 млн сомду түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Тактап айтсак, атайын кызмат тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн 937 миң сомду түзгөн, мурда мал союу жана колбаса […]Читать далее
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо […]Читать далее
Күн мурун УКМК тарабынан “Альянс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү […]Читать далее
Баткенде 9 килограммдан ашык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Баткен облусунун аймагынан баңгизаттарды Россияга жөнөтүп жүргөн кылмыштуу топ бар экенин аныкташкан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Баткен облусундагы Кара-Бак айыл аймагынын Тажикстан менен чектеш аймагына жакын жайгашкан май […]Читать далее
“Иркештам” көзөмөл-өткөрмө бекетинде “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 “ортомчу” кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрынан 10-сентябрына караган түнү “Иркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабап салышкан. Бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча […]Читать далее
Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-сентябрда КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда КР УКМКнын “Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Киборг каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, жоюлган мыйзамдагы ууру К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Киборг» каймана аты бар КР жараны М.Н.М. мыйзамсыз иштер менен алектенген Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жана Сапа […]Читать далее
Ош шаарындагы У.Салиева атындагы адистештирилген лицейдин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук оопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн алкагында Ош шаарынын орто билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө акча чогултуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, 28-августта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (“Опузалап пара […]Читать далее
УКМК: Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан-7) аныкталды. Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы […]Читать далее
Ош шаарында бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда балдар бакчанын адиси 15 миң сом акчаны пара катарында сурап […]Читать далее