Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишинин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлду. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө салык реформасын ишке ашырууга терс таасирин тийгизген, Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн […]Читать далее
КР УКМК соода базарлары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды аныктоо, ошондой эле ишкердиктин субъектерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, “Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул […]Читать далее
Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу […]Читать далее
КР Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жооптуу кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой […]Читать далее
ИИМ: Токтогулда мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык бөлүмдөр менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо жана даярдоо, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактыларына байланыштуу бир нече кармоолорду жүргүздү. Кармалгандардын арасында уюшкан кылмыштуулуктун субъекттери да бар. Буга чейин ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү фактылары тууралуу маалымат алышкан. Буга байланыштуу шектүү адамдар боюнча […]Читать далее
2023-жылдын 5-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. КР УКМКнын кызматкерине 100 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Такталгандай, КР УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып турган Камчы Асанбектин (Колбаев) УКТ мүчөсү 51 жаштагы Б.Ш.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге […]Читать далее
КР УКМК жана Жалал-Абад облусунун ИИБнын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн, каржылоо булактарын жоюу, ошондой эле кылмыштуу аракеттерге багытталган акча агымдарын кыскартуунун алкагында, Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген “сойкуканалар” аныкталды. Ал жерде КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды. КР […]Читать далее
КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо), 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Н.Р.Р. аттуу жараны […]Читать далее
Бишкекте “Көпөлөк-притон” аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды. Алардын ичинен сегизинин жашы элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Аталган фактылар райондордун ички иштер башкармалыктарында жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, 160-берененин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон. […]Читать далее