6-12-октябрь аралыгында алдын ала маалымат боюнча, өлкөдө 20 402 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1310; мас абалында транспорт каражатын башкаруу – 244; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 198; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 563; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо […]Читать далее
Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Тактап айтканда, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары жеке менчик авто мектептердин инструкторлору […]Читать далее
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Буга чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган. “Бүгүн, 14-октябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин […]Читать далее
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматы тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында КР жарандары К.Б.Ш. (КР ЖК Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары) жана А.Т.Н. тарабынан 200 миң доллар алуу фактысы аныкталды. Аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, […]Читать далее
150 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ахунбаева атындагы КММАнын окутуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармоо учурунда усулдук канаада «А.А.» (2002-ж.т.) аттуу окуу жайдын студенти болгон. Ага карата болгон жеке тинтүү учурунда жанынан 100 000 сом акча каржаты табылган. Белгилей кетсек «А.А.» алдын ала суракта акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден […]Читать далее
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду. Атайын кызматтан билдиришкендей, чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды. 2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад […]Читать далее
Электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына “Соке” каймана аттуу жаран электрондук тамекилердин (вейп) ири партиясын сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. 2025-жылдын 19-сентябрь күнү соода борборлорунун биринде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 500дөн ашык электрондук тамекини (вейп) сатуу менен алектенген жарандар-2004-жылы туулган И.С., […]Читать далее
Коргоо министрлигиндеги контракттык кызматка кабыл алуудагы коррупциялык схема аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрдүн биринин командири Б.М.С. менен ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери М.А.Ж. алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан 70 миңден 90 миң сомго чейин акча каражатын системалуу түрдө алып турушкан. Бул факт боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (“Кызматтык абалынан […]Читать далее
24-сентябрда УКМК тарабынан 7 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, кылмыш ишинин материалдарына ылайык, адвокат «А.С.А.», Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн арыз ээсинен 7000 АКШ долларын опузалап талап кылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде «А.С.А.» КР УКМКнын […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу […]Читать далее