Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга “Ш” аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, маалыматты текшерүү учурунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы мектептердин биринде […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 32 тонна салмактагы күн карама майын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы “Ак-Тилек – автожолу” өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан жалпы наркы 1,5 млн сомдон ашкан 32 тонна күн карама майын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду. […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ведомстводон билдиришкендей, комитет тарабынан президент Садыр Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Р.Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда. […]Читать далее
УКМК: Экономика министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү кармалды
Финансы министрлигинин Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кыянаттык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономика жана каржы министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү Т.Ж.К., К.Н.К. жана С.Т.Ж. аттуу жарандар кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө […]Читать далее
Аламүдүн районунда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Аламүдүн райондун прокуратурасынын жазма буйругунун негизинде Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жактарга аукциондун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жана жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыз менен […]Читать далее
“Болот” соода-базар комплексинин ээсинин курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор районундагы “Болот” соода-базар комплексинин ээси – Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Б.нын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү иштери учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 […]Читать далее
“Бишкек” эркин экономикалык аймагында 13,8 млн сомдук мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Анда 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428,8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар “И-м Т-ко” ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, “Бишкек” ЭЭАнын жана аталган […]Читать далее
Ошто бир миллион сомдук аткезчилик жол менен алынып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында К.Х. аттуу жаран Россиядан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармектерди алып келип, андан ары Өзбекстанга кайра аткезчилик жолу менен сатып жатканы аныкталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренеси менен кылмыш иш […]Читать далее
Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ЖЭБдин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2024-жылдын 2-февралында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон. Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген. Ошону […]Читать далее
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз курал-жарак сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге каттоого алынып, ыкчам издөө-иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз курал сактаган жаран 1991-жылы туулган А.Б. экени аныкталган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук […]Читать далее