Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу […]Читать далее
КР Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жооптуу кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой […]Читать далее
ИИМ: Токтогулда мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык бөлүмдөр менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо жана даярдоо, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактыларына байланыштуу бир нече кармоолорду жүргүздү. Кармалгандардын арасында уюшкан кылмыштуулуктун субъекттери да бар. Буга чейин ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү фактылары тууралуу маалымат алышкан. Буга байланыштуу шектүү адамдар боюнча […]Читать далее
2023-жылдын 5-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. КР УКМКнын кызматкерине 100 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Такталгандай, КР УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып турган Камчы Асанбектин (Колбаев) УКТ мүчөсү 51 жаштагы Б.Ш.С. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге […]Читать далее
КР УКМК жана Жалал-Абад облусунун ИИБнын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн, каржылоо булактарын жоюу, ошондой эле кылмыштуу аракеттерге багытталган акча агымдарын кыскартуунун алкагында, Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген “сойкуканалар” аныкталды. Ал жерде КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды. КР […]Читать далее
КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо), 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Н.Р.Р. аттуу жараны […]Читать далее
Бишкекте “Көпөлөк-притон” аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды. Алардын ичинен сегизинин жашы элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Аталган фактылар райондордун ички иштер башкармалыктарында жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, 160-берененин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон. […]Читать далее
Жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун
КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды. Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан […]Читать далее
КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (мындан ары – КУАОЖБТ) лизингдик […]Читать далее