Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапты. Маалыматты Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты. Окуя тууралуу милицияга 2-январда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери кабарлаган. Маалымат райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон келин менен 32 жаштагы Ж.Г. аттуу жолдошунун ортосунда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан А.Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарбай, айыпкер […]Читать далее
Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКсы конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында И.Ташов жана Т.Күренов (Т. Кудайберген уулу) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 245-беренесинде каралган “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык […]Читать далее
УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү
«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу КРнын УКМК маалымдады. Мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, […]Читать далее
Талас облусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган жүктү Кыргызстандын аймагына алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. VOLVO маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл өткөрүү жайына келип, чек арачыларга 500 даана эсебиндеги бош газ баллонго жол баракчасын көрсөткөн. Бирок документте көрсөтүлгөн маалыматтын айкын экендиги чек ара […]Читать далее
Бишкекте милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Б.М. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал Россияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кылмышкер адамды жүзүнөн тааныган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды. “Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал оор кылмышка шектүү болуп, бирок качып кетип […]Читать далее
Бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашыруу фактысы боюнча “KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Атайын кызмат Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 млн сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук […]Читать далее
“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында билдирди. УКМК төрагасы Ташов боюнча депутаттын суроосуна жооп берип жатып, анын “Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты” деп жарыялаган билдирүүсүнүн видеосу тууралуу президенттен уккандыгын айтты. “Мага түнкү […]Читать далее
Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны В.Р.Г. кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, КР Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан жаран үстүбүздөгү жылдын 8-январында УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко […]Читать далее
2024-жылдын 2-январь күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө ушул эле райондун 1971-жылы туулган тургуну И.Б. арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын июль айында Чоң-Алай районунун Ачык-Суу жайлоосунан 2 баш малы жоголуп кеткендигин, ушул күнгө чейин издеп, жайыттан табып аламын деп үмүттөнгөнүн, акыры арыз менен кайрылууну туура көргөнүн билдирген. Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз […]Читать далее