2023-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда гибриддик форматта ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2023-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 1314 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттары, психотроптук заттар […]Читать далее
“Айт Айт Десе” жана “Темиров лайвдын” баракчаларында массалык башаламандыкка чакырыктар
Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан […]Читать далее
Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкеринин өкүмүн күчүндө калтырды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи инстанциянын өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды. Буга чейин А.Ч.К. Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2023-жылдын февралында үч адамды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Эскерте кетсек, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бүгүн “24.KG” маалымат агенттигинин имаратын тинтүүгө алды. Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Читать далее
КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү) боюнча козголгон […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси КР жараны И.Н.А. кармалган. И.Н.А. бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын […]Читать далее
Ошто “Женго” кайманаты аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 2024-жылдын 12-январында Кызыл-Кыя шаарындагы “Алия” кафесинен Ош облусунун Ноокат районунун 1993-жылы туулган КРнын А.у.Н. аттуу жараны кармалды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 10-январында КР Жогорку Кеңеши депутат Эмил Жамгырчиевди КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Бирок, 2024-жылдын 9-январында депутат Э.Жамгырчиев Жогорку Кеңешинин депутаттары бул чечимди кабыл алганга чейин эле белгисиз […]Читать далее
Чүй облусунун Сокулук районундагы “жер мафиясын” уюштуруучулар жана аткаруучулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан Сокулук районунун аймагында иштеп жаткан “жер мафиясынын” кылмыш ишине бөгөт коюу максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча козголгон кылмыш иши козголгон. Анын алкагында “гектарщиктерден” жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине […]Читать далее
Салык кызматынын Базар-Коргон боюнча башкармалыгынын башчысы ишкерлерден акча талап кылгандыгы
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. 2024-жылдын 11-январында соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын […]Читать далее