Сокулукта коррупциялык жол менен сугат тармактарына бөлүнгөн акча каражатын кымырып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана З.Кайназарова атындагы айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголду. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 24-августунда жогоруда аталган кызмат адамдары […]Читать далее
“Таза Конок” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э. кармалды. Ал башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. КР УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, “Таза Конок” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э., […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иштин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары […]Читать далее
Бажычылар Кытайдан унаа дөңгөлөктөрүн мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Ошентип, Кытайдан унаа менен «ЦАА Групп» ЖЧКнын дарегине жеңил унаалар үчүн жаңы дөңгөлөктөр келгени көрсөтүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө 332 даана […]Читать далее
Кыргызстанга 5,5 тоннадан ашык жезди мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун аймагында К.Ж. Мавлянкулов, М.Ш. Шабданбеков аттуу кыргыз жарандарынын башкаруусундагы Merсedes Benz Sprinter 515, ошондой эле Merсedes Benz Sprinter 413 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды текшерип, Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган […]Читать далее
Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин менен “луттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте “Би-Би” аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн текшеришкен. Анткени, буга чейин интернет тармагына аталган балдар бакчасында башка улуттун кийимдерин кийгизип, диний сабактар өткөрүлүп жатканы тууралуу видео тараган. Текшерүү […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик салык кызматынын 258 инспектору иштен бошотулду. Анын ичинен 21и терс мотивдерге байланыштуу. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Салык кызматына жетиштүү деңгээлде ККМ менен камсыз кылуу ишин колго алууна тапшырып, салыкчыларга элдик көзөмөл катуу күчөгөнүн эскертти.Читать далее
Салык кызматы Аламүдүн базарынан 11,7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен эсепке алынбаган товарлар менен иштөө боюнча, республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 2024-жылдын 18-январында «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган, анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып […]Читать далее
Кыргызстанга тамекини мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек-унаажолу” чек ара пунктунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда ташып келүүгө уруксат берген тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана тамеки салынган 200 коробка бар экендиги аныкталган. Учурда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен биргеликте […]Читать далее