Баткенде дээрлик 7 тонна контрабандалык грек жаңгагы кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы эрежелерин бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында Өзбекстан Республикасынын жараны «Х.С.И.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. […]Читать далее
Пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында (ЕАЭБ жыйынды постунун) “Ак-Тилек автодорожный” көзөмөл-өткөрүү […]Читать далее
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны И.Ташов кармалды. Тактап айтканда, И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн […]Читать далее
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. КР УКМК экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт, 2024-жылдын 19-апрелинде анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди. Учурда тергөө иштери […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы укук бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында товарларды мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, «РТ» ЖЧК тарабынан бодо малдын терисин ташып чыгууда, товардын наркынын 20% өлчөмүндө белгиленген ташып чыгуу бажы алымы төлөнбөгөнү аныкталган, кармалган товардын жалпы салмагы 45 тоннаны түзгөн. Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын суммасы 848 миң […]Читать далее
Алай районунда базар баасы 65 млн 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган шаарлардын жана райондордун инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Гүлчө а/а жайгашкан , мурда “Гүлша-автобекети” мамлекеттик акционердик коомуна таандык болгон борбордук автобекет […]Читать далее
Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети адам органдарын сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызматтын максаттуу иш-аракеттеринин натыйжасында адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча […]Читать далее
2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында депутаттарга отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда прокуратура органдарында мыйзам ченемдерин, мамлекет башчысы жана коом тарабынан коюлуп жаткан талаптарды жүзөгө ашыруу, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген, мыйзамдарды бузган кызматкерлерден арылуу иштери күчөтүлүп, кызматтык тартипти камсыздоого тийиштүү чаралар көрүлүүдө. “Мунун […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын лейтенанты А.Э.А. 15-апрелде 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Аны атайын кызмат Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо […]Читать далее