29-30-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында “Маяк” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд учурунда тез жардам, ӨКМ жана ИИМдин шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жаткан кызматтык унааларына башка катардагы унаалардын айдоочулары жол бошотуп берүүсү текшерилди. Рейддин алкагында тез жардам унааларына жол бошотпой койгон […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкекте түнкү клубду жабышты. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМ менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү. 2024-жылдын 4-майына караган түнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө […]Читать далее
Нарын областынын Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кочкор айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз буйруктарынын негизинде Кочкор айылында жайгашкан Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин от жагуучу жайынын имараты жана ага тиешелүү жер участогу жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Э. кармалып, […]Читать далее
“Беш-Сары” соода борборунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК “Беш-Сары” ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады. Белгилүү болгондой, “Беш-Сары” ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар […]Читать далее
Кара-Сууда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, УКМКга ишкер кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 9 унаа ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген. […]Читать далее
«Түштүк-Батыш» бажысы дээрлик 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Ош» эл аралык аэропортунда «Стамбул-Ош» каттамы боюнча келе жаткан жүргүнчүлөрдү бажылык контролдоонун алкагында, 1973-жылы туулган «А.М.Л.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны жалпы салмагы […]Читать далее
«Түндүк-Чыгыш» бажысы 50 тоннага жакын кулпунай көчөттөрүн мыйзамсыз алынып келгенин аныктады. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө бажылык укук бузуу фактысын аныкташты. Бишкек шаарында жайгашкан […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде КР мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган “мефедрон” баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 300 килограммдан ашык порошок […]Читать далее
Ошто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Р. аттуу жаран аял кишилердин сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана […]Читать далее
Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча – 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча – 15. 27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан […]Читать далее