Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. “Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, […]Читать далее
Ошто жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурда – “Кадастр” ММнын Ош филиалы) кызмат абалынан […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат УКТ мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында эмгек министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМКга С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын […]Читать далее
Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулуктун материалдык негиздерин жана финансылык шарттарын жоюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин шартында иштеген «воровской общак» деп аталган кылмыштуу топтун каржылоо каналына […]Читать далее
Ала-Бука районунун башкы архитектору тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы архитектор Ж.М.Ж. иш учурунда 10 сотук жер тилкесин мыйзамсыз туугандарынын атына каттатып койгон, буга чейин аталган жер тилкеге эки коммерциялык имарат курулуп, алар коммерциялык максатта активдүү пайдаланылып келген, алсак: […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Ведомсвтодон билдиришкендей, 19-февралда УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору […]Читать далее
Ош шаарында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкерин опузалап, акча талап кылган жаран кармалды. Ведомстводон билдиришкендей, 18-февралда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарында кайгуул кызматкери 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаранга КР укук бузуулар кодексинин “Жөө жүргүнчү жол эрежесин бузгандыгы үчүн” беренеси менен протокол түзгөн. Аталган Т.М. аттуу жаран […]Читать далее
Ошто муктаж жаранга жер тилкеси мыйзамсыз бөлүп берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө Ош шаардык мэриясынын жана Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланганы аныкталган. Алар […]Читать далее