Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы маалымдады. Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине бекитип алгандыгы аныкталды. Алсак, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2,0 га жайыт жер аянты […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин – баңгизатын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен эл аралык наркоканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш – чаралардын жүрүшүндө Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын […]Читать далее
Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасына видео чыгарып, анда Кыргызстандагы бир улуттун өкүлдөрүнө карата жаман сөздөрдү айтып, улуттар аралык кастыкты козуткан. Ал видео боюнча экспертиза дайындалып, анын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген жыйынтык чыккан. Аталган […]Читать далее
Оберон “Дордой” жана Оберон “Орто-Сай” базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө “Оберон” ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында “Оберон” ЖЧКсы тарабынан “Дордой” (өлчөмү 6,42 га) […]Читать далее
2024-жылдын январь-октябрь айына чейин Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, же сот өкүмүн аткаруу максатында 69 адам экстрадицияланган. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ошол эле учурда Кыргызстандан чет элдик өнөктөштөрдүн суроо-талаптары боюнча 38 кылмышкер өткөрүлүп берилген. Мисалы, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиянын Башкы прокуратурасынын 1974-жылы туулган В.П. аттуу Молдованын жаранын курал колдонуп, ден соолукка оор залал келтирген жана […]Читать далее
Дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу, карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу; ылдамдыкты ашырып […]Читать далее
Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады. МБКнын маалыматына ылайык, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталган. Баткен облусунун Кадамжай районунунда «Ж.М.К.» жаранынын башкаруусунда «Ford Transit» маркасындагы автоунаа каражаты […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте узак убакыт бою органикалык баңги затын АКШдан Кыргыз Республикасына эл аралык почта компаниялары аркылуу жеткирүү каналын түзүп, андан ары Telegram мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу сатууну ишке ашырган баңги тобун изилдеп келген. «Түндүк» темир жолу КР ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери […]Читать далее
Кыргызстанда мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик телефондорду алып келүү жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактылары аныкталды. Маалыматта айтылгандай, бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор […]Читать далее
Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду
Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылында болгон селдин себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери […]Читать далее