Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн пара алган кызматкерлери бир катар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А. уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган. Бул факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы алдын […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы С.Ж.нын коррупциялык иштери тууралуу […]Читать далее
Өлкөдөн уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып чыгуу аракети көрүлгөн. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, “Манас” бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады. Белгиленгендей, Бишкек – Казань багытындагы каттамдын жүргүнчүсү Ч. у. Н. текшерүү учурунда андан Apple соода маркасынын iPhone 16 жана iPhone 16 ProMax үлгүсүндөгү 14 телефон табылган. Телефондор полиэтилен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев активист Тилекмат Куренов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына барган факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекет тик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун […]Читать далее
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары жалпы аянты 173,4 кведрат метр түзгөн мамлекеттик мүлктү 36 жылга ижара акысынан бошотуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, бүгүнкү күндө ижарачы тарабынан бир сом төлөнбөй мамлекеттик мүлк […]Читать далее
“Казак” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Египетте кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин “Казак” лакап аты менен таанымал М.У. аттуу жаран оор кылмышка шектелип, Интерпол кызматы тарабынан издөөгө алынган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат. 2024-жылдын октябрында Интерполдун кызматкерлери тарабынан изделип […]Читать далее
Добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды. Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын […]Читать далее
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, соттун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсү Б.Т.Б.нын өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучуга карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат алуу түрүнө өзгөртүлгөн. Эске салсак, Матраимов Баку шаарынан кармалып, ушул жылдын […]Читать далее
ИИМдин ыкчам кызматы 17-ноябрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда Бишкектин чет жакаларында улуттук спорт оюндарын өткөрүп, ага жамынып бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады. Ведомствонун маалыматына ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери массалык башаламандыктарды даярдап жаткан жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн адамдардын тобу жөнүндө маалымат алышкан. Бул факты боюнча […]Читать далее