Кыргызстанга телефон аксессуарларын жана компьютер тетиктерин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө «Ю.Т.» ЖЧКсынын дарегине транспорт коштоочу документтерге ылайык «айыл чарба техникасынын тетиктери, айнек ашкана идиштер жана башка эмеректер келгени аныкталган. Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө […]Читать далее
УКМК “Мадина” базарынын негиздөөчүсүнүн уулун кармады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, КР УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоону ишке ашырган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана айрым ишкердик субъекттерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо) боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында, «Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Т.Салимовдун уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун […]Читать далее
Ири суммадагы акча каражатын кымырып кеткен деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алынган карыздык каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда улуттук […]Читать далее
2024-жылдын 25-мартында КР УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбек Ысмайыловичти эл аралык издөөдө кармап, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келди. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди. Белгилей кетсек, Р.Матраимов жоюлган “Мыйзамдагы ууру” […]Читать далее
КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды. УКМКнын маалыматына караганда, мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы аныкталды. Тактап айтканда, К.Асанбек менен Азим Рой “L.А.” жана “R” ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан […]Читать далее
Учурда жүктүн кимге таандык экендиги жана келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар такталууда. Кароонун жыйынтыгы боюнча иштин материалдарына юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Белгилей кетсек, консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарлар импорттолсо, алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун максаттары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан […]Читать далее
Кыргызстанда 18нен 24-мартка чейинки аралыкта 23 миң 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 239; мас абалында унаа башкаруу – 97; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 948; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее
Коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет. Комитеттин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда “Рулда” аталыштагы рейддин жүрүшүндө бир күндө 15 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, сутка ичинде 20 автоунаа айып короо жайына киргизилди. Анын ичинен : тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 айдоочу; терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо […]Читать далее
Кыргызстанда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда. Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине […]Читать далее