Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Коррупциялык схема атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында аныкталды. Бишкек шаардык ИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз материалдык баюу максатында автоунааларды […]Читать далее
Жасалма акча таратуу менен алектенген жасалма акча жасоочулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө КР жарандары тарабынан жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысын аныктаган. Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган […]Читать далее
Бишкек менен Чүй облусунда бир суткада 41 мас айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, атайын рота тарабынан дем алыш күнү Бишкек жана Чүй облусунун аймагында рейд өткөрүлдү. Бир сутка ичинде мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу аныкталды. Алардын ичинде аялдар да бар. Кармалган унаалар айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында Салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп саналган О.С.А. аттуу жаран кармалды. Тактап айтканда, […]Читать далее
Ош ОИИБ Өзгөндө жаңы салынган “Тез-Жол” унаа жолунда башынан жаракат алган жигит боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-январь күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагында акы төлөнүүчү жаңы салынган унаа жолунда бараткан оор жүк ташуучу унаанын терезелери белгисиз жарандар тарабынан ыргытылган таштан улам талкаланып, анда жүргүнчү катары бараткан жигит башынан жаракат алгандыгы тууралуу видеотасма […]Читать далее
Кызыл-Кыя шаарында мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды. Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында күн мурун, 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну ымыркайдын апасы экени аныкталып, […]Читать далее
Бишкекте ири өлчөмдө “альфа-ПВП” психотроптук баңгизатын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Милицияга азиат улутундагы 30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын өздүгү аныкталган. Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М.Д. аттуу […]Читать далее
“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, 2024-жылдын 25-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр […]Читать далее
Аскер прокуратурасы тарабынан “Ак-Жол – автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру кармалды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кармалган Н.Р.А. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес. Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган. Кармалган кызматкер Бишкек […]Читать далее
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон жаранга уюлдук телефон берүү аракетин токтотушту. Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемеде соттолгон адамга тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракети катталды. Ж.К. аттуу жаран соттолгон С.Р. аттуу уулуна азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда кызматкерлер тарабынан кургатылган жемиш салынган баштыкка катылган уюлдук телефонун табылып алынган. Бул факты […]Читать далее