Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан 18-январда Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарынан (ӨР жараны Б.Б.А. жана КР жарандары: М.С.Х., М.С.Х., С.У.К.) түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ Ош шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5 кг күчтүү жана уулуу сымапты 1 граммын […]Читать далее
Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Г.К.М.“, “Е.Н.Н.” ЖЧКларын банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Тактап айтканда, “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Талас облусунун Айтматов районунун Корумтор аянтында геологиялык […]Читать далее
Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 15-январда Салык кызматынын Талас шаардык башкармалыгынын салык көзөмөлдөө жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Б. ишкердик субъектинин салык карызын азайтуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө […]Читать далее
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында К.А.А. аттуу инспектор тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныктады. Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 3-бөлүгү (“Өзгөчө ири өлчөмдө […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында “Айка Мусаева” аталган белгилүү блогер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-январда Жалал-Абад шаарында атайын кызмат тарабынан Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү иш алып барган “Айка Мусаева” аттуу белгилүү блогер С.А.М. кармалды. Келип түшкөн арыздардын негизинде жүргүзүлгөн иштердин алкагында кармалган адам Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, […]Читать далее
«Ош» эл аралык аэропортунда «Ош» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Кувейт-Ош аба каттамы менен келген Кыргыз Республикасынын “Х.О.С.” жаранынын жүктөрүн текшерип кароо учурунда, тиешелүү товар коштоочу документтери жок ар кандай аталыштагы дары-дармектер жана медициналык багыттагы товарлар аныкталган жана алынган. Факт […]Читать далее
Мурдагы “Ганси” борборунда 6,7 млн сомдук мүлк кымырып алынгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы “Ганси” транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 млн 700 миң 600 сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы […]Читать далее
Өзгөн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д. аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы […]Читать далее
Бишкекте пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. КР Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери С.А.Ш. аттуу жаран кармалды. Алгачкы тергөө материалдарына […]Читать далее