Кыргызстанда 3-февралдан 9-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 619 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 658; – мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 324; – авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227; – жөө жүргүнчүлөр катышкан […]Читать далее
Кайрат Примбердиев Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди
Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан ырчы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Кыргызстандын П.К.Т. аттуу жараны “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” […]Читать далее
Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланарын эскертет. Рейд […]Читать далее
Жыл башынан бери 95 миң 584 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 2025-жылдын алгачкы айынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме айтылды. Онлайн кеңешмеге башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана анын орун басарлары, ошондой эле аймактардагы бөлүм башчылар катышты. Жыйында маалымдалгандай, январь айында жалпысынан 95 миң 584 жол эрежелерин бузган айдоочулар […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев билдирди. Ал белгилегендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 %га же 4 миң 212 учурга көп. Соңку жылдары Кыргызстанда аялдар жана балдарга карата […]Читать далее
Чүй облусунун аймагында көп сандагы ок атуучу курал-жарактар жана ок-дарылар катылган жай табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 28-декабрында милицияга Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адамдар ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты […]Читать далее
Ош бажысында бажы төлөмдөрүн азайткан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мурда 2024-жылдын 5-июлунда “Ош” мамлекеттик бажы кызматынын “Бими Ош Сервис” бажылык тариздөө жеринин Ж.Т.Ж. аттуу кызматкери 2005-жылы чыгарылган “Тойота Прадо” маркасындагы (иш жүзүндө 2018-жылкы) унааны кароодон өткөрүүдө, коштоочу документтерде билдирилген маалыматтарга ылайык келбегендигинин ачык белгилери бар экендигине карабастан, кызматтык абалынан […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык жаран Испаниядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, экстрадициялоо иштери Ички иштер министрлиги менен бирге координацияланган иш-аракеттердин жыйынтыгында ийгиликтүү аяктады. Айыпталуучу жабырлануучуларга 60 млн сомго жакын зыян келтирген. Экстрадиция Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында ишке ашырылды. Башкы прокуратура […]Читать далее
Ошто муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган. Натыйжада, жогорудагы […]Читать далее
Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 млн сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы
Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 млн сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, борбордук кампасында сактоодо турган 4 млн сомго бааланган материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы […]Читать далее