Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө […]Читать далее
Өлкө аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, алар террорчулукка каршы операциянын алкагында атайын кызмат тарабынан кармалган. Алардын иш-аракети чет өлкөлүк ЭТУ борборлору тарабынан координацияланган. Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан. Аталган […]Читать далее
Талас облусунда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүдө коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен бүтүм түзүп, материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын […]Читать далее
“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Кыргызлото) жетекчиси тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Тергөөнүн жүрүшүндө […]Читать далее
Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ички ишер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады. 2025-жылдын 28-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” […]Читать далее
Бишкектеги үйлөрдүн бири тинтилип, дээрлик 6 кг марихуана табылды. Бишкек шаарынын ИИББнан билдиришкендей, 27-февраль күнү Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына, белгисиз адамдар баңгизаттарды сатып жүрүшөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 282-беренесине ылайык (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 24-февралдан тартып, 2-мартка чейин, алдын ала маалымат боюнча 23 525 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-720; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -369; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-110; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-413; […]Читать далее
Социалдык тармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек – Москва маршруту боюнча өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда Facebook социалдык тармагынын деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. аттуу жаранды […]Читать далее
Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан Айтматов райондук мамлекеттик администрациясында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган администрациянын кызмат адамдары 2017-жылдан баштап 2025-жылдын январына чейинки мезгил ичинде райондук ардагерлер кеңешинин кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 620 миң 880 сомдук акча каражатты мыйзамсыз […]Читать далее
“Коомдук транспорт” рейдинде эки күндө жол эрежесин бузган 2630 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарга жана маршруттук унааларга карата “Коомдук транспорт” аталышында рейддик иш-чара жүргүзүлүүдө. Анын алкагында ичиндеги жүргүнчүлөрү менен катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, техникалык абалы оң абалда эмес […]Читать далее