Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн натыйжасында Пакистандын жараны А.М. […]Читать далее
Баткенде аскер кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары 2024-жылдын июнь айынан 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн системалуу түрдө […]Читать далее
Президенттин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан ишкердик субъекттеринин жана чет өлкөлүк инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, инвестициялык долбоорлорду колдоого жана илгерилетүүгө жасалма көмөк көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, бөгөт коюлду. Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын […]Читать далее
Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Соңку кездери социалдык түйүндөрдөгү жана мессенджердеги аккаунттарды колдонуу менен жасалган алдамчылык фактылары көбөйүп, анда кылмышкерлер өздөрүн жогорку бийлик өкүлдөрү катары көрсөтүүдө. Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте мындай окуяларды аныктоо жана алдын алуу боюнча системалуу […]Читать далее
Таласта Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы (“сугат айдоо” категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер […]Читать далее
Улакчынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки киши кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Милициядан маалымдашкандай, күн мурун “Ак-Кула” ат майданында Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеште Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын ортосундагы оюнда улакчы жаракат алган. Бирок ал ооруканага жетпей жолдон каза тапкан. Бул фактынын […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. “Глобал Корумтор Майнинг” ЖЧКсын мыйзамсыз банкроттук жол-жобосу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы Р.Б.К кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тактап айтканда, Р.Б.К. “Глобал Корумтор Майнинг” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен […]Читать далее
Бишкекте 300 миңден ашык жасалма доллар менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жасалма акча жасоочулардын ишин аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ыкчам иштер жүргүзүлдү. Буга чейин бир нече жаран криптовалюта сатып алганы жатат деген маалыматтар таратылып, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдамчылар жасалма акча менен төлөөгө аракет кылышат […]Читать далее
Ички иштер министрлгинин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматынын […]Читать далее
Транспорт жана коммунициялар министрлигинде товардык-материалдык жетишсиздиктер, аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Башкы прокуратура тарабынан Транспорт министрлигинин жооптуу сактоосунда турган мобилизациялык резервиндеги 567 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Бул факты Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө […]Читать далее