Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, 27-мартта УКМК тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун жана системалуу коррупцияны толугу менен жоюунун, ошондой эле коомдук чөйрөдө кызматтык кылмыштарга бөгөт коюунун алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин […]Читать далее
Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы окуяга шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Милициянын маалыматы боюнча, окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (“Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү”) кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ш.А. аттуу аттракциондун оператору кармалып, […]Читать далее
“Женго” каймана аттуу Кадыр Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. маалыматка ылайык, быйыл УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде бул киши өлтүрүүнүн […]Читать далее
Контрабандалык товарларды легалдаштырууга багытталган коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качуу максатында өлкө аймагына тиешелүү товардык […]Читать далее
УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Ж.А. кармалды. Тактап айтканда, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жеке кызыкчылыгын, баюуну көздөп, кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн КР жаранынан 50 миң сом өлчөмүндө […]Читать далее
УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, муниципалдык жер тилкени арзан баада саткан Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилигинин жана башка адамдардын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, 2021-2022-жж. Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн […]Читать далее
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларына козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуу ишмердигинде аныкталган коррупциялык схема фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата […]Читать далее
Мурдагы тергөөчү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча мурда Бишкек ШИИБ тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында терс негиздер боюнча кызматтан убактылуу четтетилген, ички иштер органдарынын өздүк курамынын карамагында болгон, Бишкек шаарынын Свердлов ИИБнин мурдагы тергөөчүсү акча каражатын алгандан кийин кармалды. […]Читать далее
Бишкекте С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын С.Каралаев көчөсүндөгү (Суеркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыктагы) жалпы пайдалануудагы […]Читать далее
Ош областынын Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен […]Читать далее