Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында Салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп саналган О.С.А. аттуу жаран кармалды. Тактап айтканда, […]Читать далее
Ош ОИИБ Өзгөндө жаңы салынган “Тез-Жол” унаа жолунда башынан жаракат алган жигит боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-январь күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагында акы төлөнүүчү жаңы салынган унаа жолунда бараткан оор жүк ташуучу унаанын терезелери белгисиз жарандар тарабынан ыргытылган таштан улам талкаланып, анда жүргүнчү катары бараткан жигит башынан жаракат алгандыгы тууралуу видеотасма […]Читать далее
Кызыл-Кыя шаарында мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды. Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында күн мурун, 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну ымыркайдын апасы экени аныкталып, […]Читать далее
Бишкекте ири өлчөмдө “альфа-ПВП” психотроптук баңгизатын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Милицияга азиат улутундагы 30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын өздүгү аныкталган. Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М.Д. аттуу […]Читать далее
“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, 2024-жылдын 25-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын Бишкек электр […]Читать далее
Аскер прокуратурасы тарабынан “Ак-Жол – автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру кармалды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кармалган Н.Р.А. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес. Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган. Кармалган кызматкер Бишкек […]Читать далее
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон жаранга уюлдук телефон берүү аракетин токтотушту. Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемеде соттолгон адамга тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракети катталды. Ж.К. аттуу жаран соттолгон С.Р. аттуу уулуна азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда кызматкерлер тарабынан кургатылган жемиш салынган баштыкка катылган уюлдук телефонун табылып алынган. Бул факты […]Читать далее
Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А.Б. жана судьянын аялы болуп саналган М.Г.М. аттуу жаран тарабынан алдамчылык фактысы аныкталды. Тактап айтканда, М.Г.М. аттуу жаран КР жаранынан 2000 доллар (174 […]Читать далее
Бажы тармагында мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик бажы кызматына текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Алсак, Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба техникасын өткөрүүдө товарларды туура эмес декларациялоо схемасы колдонулган. Бул схема 2023-2024-жылдар аралыгында ишке […]Читать далее
Кыргызстанга кыбат баалуу сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз аракеттер “Түндүк” темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган. Белгиленгендей, “Ш.К.Д.” ЖЧКнын өкүлү П.Д.Е. аттуу жарандын катышуусунда Америкадан келген почта жөнөтмөлөрүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Бажы текшерүүсүндө 41 даана дүйнөлүк бренддеги аялдардын сааттары табылган. Бажы органына […]Читать далее