Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. тарабынан пара алуу фактысын аныктап, ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө […]Читать далее
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланышып, коммерциялык уюмдардын кызыкчылыгын көздөп, Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Н.Исанов көчөлөрүндөгү кварталдын курулуш долбоорун мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштеп чыгышкандыгы аныкталган. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары […]Читать далее
“ЭлКат” ЖЧКсынын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК өлкөдөгү эң ири интернет провайдерлеринин бири болгон “ЭлКат” ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Тергөөнүн жүрүшүндө 1994-жылы “ЭлКат” мамлекеттик-жеке ишканасы (51% – КР президентинин аппараты, 49% – “Компьютердик технологиялар борбору” ЖЧКсы) […]Читать далее
Бишкектеги №72 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды. Мекемеден билдиришкендей, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголду. Белгилей кетсек, күн мурун ЖКнын жыйынында 2025-жылдын 21-январында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 орто мектептин ажатканасында 2010-жылы туулган 8-класстын […]Читать далее
Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мектеп имаратынын курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды кабыл алышкандыгы аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган мекеменин кызматкерлери Аксы районунун Дардак-Дөбө айылындагы А.Кулубаева атындагы №67 мектебин курууда каралган мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы […]Читать далее
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөчү Т.Н. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ал 8-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 2025-жылдын 3-февралынан тартып, 7-февралга чейин өлкө аймагында “Караңгылаткан айнек” аталышында рейддик иш-чарасын өткөрүп, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 177 айдоочуну аныктап, жалпы 3 млн 540 миң сомго айып салышты. Алардын ичинен: -Бишкек шаарынан 98 айдоочу; -Ош шаарынан 28 айдоочу; -Ош облусунан 6 айдоочу; -Чүй облусунан 6 айдоочу; -Жалал-Абад […]Читать далее
Кыргызстанда 3-февралдан 9-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 619 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 658; – мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 324; – авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227; – жөө жүргүнчүлөр катышкан […]Читать далее
Кайрат Примбердиев Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди
Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан ырчы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Кыргызстандын П.К.Т. аттуу жараны “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” […]Читать далее
Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланарын эскертет. Рейд […]Читать далее