Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль тагынды. Тыныбекова үчүнчү орун үчүн мелдеште монголиялык спортчу Орхон Пуревдорж менен таймашты. Күрөш 6:6 эсебинде жыйынтыкалып, Айсулуу жеңишке татыды. Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени, чейрек финалда америкалык Кайл Мираклды уткан. Ал эми жарым финалда болсо, украиналык […]Читать далее
Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды. Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды. Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган. Андан кийин коло […]Читать далее
Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. 68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова чечүүчү беттеште америкалык спортчу Амит Элор менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу ага 3:0 эсебинде жеңилип, өлкө куржунуна Париждеги Олимпиада оюндарынан күмүш медалды салды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттешин баштап, анда монголиялык балбан Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, […]Читать далее
Париждеги жайкы XXXIII Олимпиада оюндарында балбан Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту. Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсеннежад менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишти илип кетти. Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалда румыниялык Арнаут Разванды 9:0 эсебинде жеңген болчу. […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын спортчулары дүйнө жана Азия чемпионаттарында, ошондой эле эл аралык мелдештерден жалпы 268 медаль жеңип келди. Анын ичинен 78 алтын, 71 күмүш жана 119 коло медалдар. 2024-жылдын биринчи жарым жыл ичинде негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде 84 спорттук-массалык иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинен эл аралык турнир 8, спорттун […]Читать далее
Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар. “Учурда оюндарга биздин […]Читать далее
Кыргыз футбол биримдигинин бюджети быйыл 10 эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын оюнчулар менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, бул каражат эмки жылы дагы көбөйтүлөт. “Кыргыз футбол биримдигинин бюджети өткөн жылдагыга салыштырмалуу 10 эсеге көбөйдү. Келээрки жылы бюджети мындан да өсөт. Бул бизде футболдун өнүгүүсүнө түрткү берет. Ошондой […]Читать далее
Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши учурунда коомдук коопсуздукту Бишкек гарнизонунун 2 миң 600дөн ашык кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат. “Урматтуу футбол күйөрмандары, Бишкек шаардык милициясы сиздерди коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого чакырат, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды […]Читать далее
Бүгүн, 6-июнда Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат. 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун турнири алкагында өтө турган мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойношот. Кыргызстан – Малайзия беттешине президент Садыр Жапаров күйөрмандык кылат. Күн мурун улуттук […]Читать далее
Кыргызстандын желегин дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиреткен альпинисттер өз мекенине аман-эсен кайтып келишти. Бүгүн аларды “Манас” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи өтүп, ага тийиштүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү, альпинисттердин жакындары катышты. Кыргыз альпинисттери үчүн бул жолку экспедиция эбегейсиз ийгиликтер менен коштолду. Делегацияны жетектеп барган Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов рекордду […]Читать далее