Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Мурас” футзал турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда жакшы салтка айланганын белгиледи. Ал 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында биринчи турнир өткөнүн эске салды. Анда болгону 6 команда катышкан. 2022-жылы турнир расмий түрдө “Мурас” деген аталышка ээ болуп, […]Читать далее
Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу “Мурас” достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады. Мелдештин жыйынтыгында “Президенттин командасы” “Аймактар”, “Фемида” командаларын утуп, “Элчилер” командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров президенттик […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча “Мурас” мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады. Ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдешке 16 команда катышууда. Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо […]Читать далее
Белгилүү хорватиялык футболчу Роберт Просинечки расмий түрдө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Дайындоо тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев маалымдап, башкы машыктыруучуну жеке өзү тааныштырды. Роберт Просинечки — “Барселона”, “Реал” жана “Црвена Звезда” клубдарында ойногон дүйнөлүк деңгээлдеги мурунку оюнчу, ошондой эле Босния жана Герцеговина, Азербайжан курама командаларында иштеген белгилүү […]Читать далее
Валентина Шевченко дагы бир жолу чемпиондук курун коргоп калды. Ал UFC 322 турниринин алкагында кытайлык атаандашы Чжан Вэйлини жеңди. Беттеш 5 раундга созулуп, беш раундда тең ал атаандашына үстөмдүк кылып, натыйжада калыстар жеңишти бир добуштан кыргызстандык мушкерге беришкен. 37 жаштагы Валентина Шевченко ММАдагы жалпы карьерасында 26 жеңишке жетишкен, анын сегизи — нокаут менен. Төрт ирет […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Бишкектеги “Азаттык Арена” жаңы стадионунда өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтуу, ошондой эле маданият жана спорт жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди, тажрыйба алмашууну, элдердин […]Читать далее
Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн чечүүчү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча (U-23) жаштар курама командасы Шри-Ланка менен ойноп, 6:0 эсебинде жеңишке жетти. Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Християн Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизди. Бул жыйынтык менен курама 7 упай топтоп, «E» тайпасында 1-орунду камсыз кылып, 2026-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алды. Белгилей […]Читать далее
Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов спорттук комплекси салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Ачылыш аземи Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы “Өзгөн” – “ОшМУ” футболдук клубдарынын беттеши менен уланды. Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев катышты. “Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга […]Читать далее
Бүгүн ыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев дүйнөлүк футбол легендасы жана “Алтын топтун” ээси Христо Стоичков менен жолукту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти. Футбол жылдызы бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Football for Schools (“ФИФА мектептер үчүн футбол”) программасынын расмий ачылыш аземинин ардактуу коногу болду. Христо Стоичков өлкөдө бул программанын ийгиликтүү башталышы менен КФБ президентин куттуктады. Ал […]Читать далее
Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди. Ал 11-августта К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон ийгиликтүү чыккан. Пакистан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусу дүйнөдөгү бийиктиги жагынан экинчи орунда турат, бийиктиги 8614 метр. Эдуард Кубатов быйылкы сезон өзгөчө оорго турганын айтты. “Кар көп жаап, кар […]Читать далее