2025-жылдын 1-октябрына карата шайлоочулардын саны 4 миллион 287 миң адамды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Ал белгилегендей, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга ылайык, Кыргызстан 30 шайлоо округуна бөлүнгөн. “Жогорудагы шайлоочулардын санын 30 округга бөлсө, орточо эсеп менен бир районго 142 миң 900 шайлоочу туура […]Читать далее
Шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 3 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүшү керек. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. Маалыматта белгиленгендей, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөрү белгилүү болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо 30-ноябрда өтөрүн билдирди. “Биз шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Азыр айрым депутаттар президенттин, генералдын же Жогорку Кеңештин төрагасынын батасын алыптыр деген имиштер чыгып жатат. Батаны эл гана берерин белгилеп […]Читать далее
Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди. Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан ашкан партиялар: Адилет (15,1%) “Жаңы күч” – 29,47%; «Ынтымак» – 13,87%; «Эмгек» 22,36% «Эл үмүтү» – 10,97% добушка ээ болушту. […]Читать далее
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83 %ы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Тактап айтканда, катталган жалпы 4 млн 135 миң 39 шайлоочудан 1 млн 150 миң 931 жаран добуш берди. Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 миң 844 жаран добуш берсе, ал эми айылдык кеңештерге шайлоого […]Читать далее
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 2437 шайлоо участкасы иш алып барууда. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Шайлоо күнү таңкы саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин уланат. Күн мурун орун-жайдан тышкары 8167 шайлоочу добуш берди. […]Читать далее
Кыргызстандын аймагындагы 2 миң 437 шайлоо участкасында саат 10.00гө карата жалпысынан 93 миң 176 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 2,25 пайызын түзөт. “Облустар боюнча маалымат берсек, Баткен облусу боюнча 2,39%, Ош облусунда 2,24%, Жалал-Абад облусунда 2,96%, Нарын облусунда 2,38%, […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда 249 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 17-ноябрда облус башчысы Уланбек Далиев жубайы менен Жети-Өгүз районундагы №3172 шайлоо участкасына келип, добуш берди. Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештин шайлоосуна 19 саясий партия 25 кеңештеги 625 мандат үчүн ат салышат. Шайлоого 346 миңден ашуун шайлоочу катышат деп […]Читать далее
Бүгүн саат 08:00дөн тарта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды. Учурда өлкөдөгү 33 шаардык кеңешке партиялык тизме боюнча жалпы 4 928 талапкер ат салышууда. Ал эми 231 айылдык кеңешке жалпы 10 миң 81 талапкер катталган. Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган. Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 […]Читать далее
Шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, өзгөртүүлөр “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык киргизилген. “17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо […]Читать далее