Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу 2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында өткөн. Анын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-сауд Тышкы иштер министрликтери аралык саясий кеңешмелердин II отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми саудиялык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжи жетектеди. Кеңешмелердин жүрүшүндө эки […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өттү. Анын алкагында тараптар […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында болуп өттү Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-швейцариялык эки тараптуу, анын ичинде экономика жана инвестиция тармагындагы учурдагы эки тараптуу кызматташтыкты карап чыгышты. Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык, […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын январь айында Министр Хакан Фидандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жана үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Түркияда өтүп жаткан III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын 21-февралында Казань шаарында КР президенти Садыр Жапаров менен РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сенегалдын тышкы иштер министри Исмаил Мадиор Фалл мырза менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Түркиядагы III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук rеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө колдоо контекстинде эл […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-малайзия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун мындан аркы жолдорун талкуулашты. Министр Жээнбек Кулубаев […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары шейх Абдулла бин Ахмед Аль Халифа менен кыскача жолугушуу өткөрдү. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин ар түрдүү чөйрөлөрдөгү учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, бийик жана жогорку […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен жолугушту. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 1-мартта Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Кыскача баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу […]Читать далее