Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет. Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев тосуп алышты. Сапардын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты. Ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өз ара соода тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, Улуу Британиядан инвестиция жана технологияларды, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды […]Читать далее
Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын XIX жолугушуусуна катышты
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он тогузунчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Марат Иманкулов өз сөзүндө дүйнө кооптуу болуп бара жатканын белгиледи. Анын айтымында, кырдаал барган сайын оорлошуп, эл аралык террористтик уюмдардын жана экстремисттик топтордун активдүүлүгү өсүүдө. Муну […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жолугушууда Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге жылуу сөздөрүн билдирүү менен жакынкы убакытта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун жолдоп, Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. […]Читать далее
КР Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Ведомстводон билдиришкендей, Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат.Читать далее
Бүгүн Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын транспорт министри Лок Сью Фук менен жолугушуусу болду. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап малайзиялык авиакомпанияларга бешинчи аба укугун берүү менен түз аба каттамдарын […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында малайзиялык Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Public Gold — Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды сатат жана чыгарат. Кулубаев менен аталган компаниянын өкүлдөрү жолугушуу учурунда Кыргызстанда […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзиянын инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Зафрул Тенгку Абдул Азиз менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кулубаевдин аталган өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 1-апрелде өттү. Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болду. Тактап айтканда; органикалык айыл чарба продукциясын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кыргызстанга иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Борбор Азиядагы ири музейлердин бири Бишкектеги Улуттук тарых музейине барды. КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди. Эркин Туниязды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен […]Читать далее