Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал белгилегендей, бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо кетирет. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, 29-декабрга караган түнү Киев Владимир Путиндин Новгороддогу мамрезиденциясына учкучсуз […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан дипломатиялык байланыштардын географиясын кеңейтип, 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Натыйжада Кыргызстан дипломатиялык мамиле түзгөн мамлекеттердин жалпы саны БУУнун 185 мүчө мамлекетине жетти. 2025-жылы жаңы алакалар төмөнкү мамлекеттер менен орнотулду: Гвинея-Бисау Республикасы; Ботсвана Республикасы; Буркина-Фасо; Белиз; Сомали Федеративдик Республикасы; Гондурас Республикасы; Эсватини Падышалыгы (Свазиленд); Габон Республикасы; […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде “Борбор Азия + Япония” диалогу алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-2027-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду. Ошондой эле Кыргызстанга […]Читать далее
Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-тажик кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктарды түзүү боюнча тапшырмаларын ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлө […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун төрагалыгы алдында 2026-2029-жылдарга Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы программасынын презентациясы өттү. ТИМден билдиришкендей, программа Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Кыргызстандын мамлекеттик органдарына туруктуу экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу, суу ресурстары, энергетика, климаттын өзгөрүүсү жана башка тармактардагы долбоорлорду камтыган кызматташтыктын жаңы программасынын негизги багыттары […]Читать далее
Бүгүн Пекин шаарында Кыргызстандын ШКУнун катчылыгындагы туруктуу өкүлү Рахман Аданов Борбор Азия мамлекет башчыларынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоо учурунда Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырган кайрылуусу тууралуу маалымат берди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган кайрылууга Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда кол коюлган. Маалымат берүү иш-чарасына ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу […]Читать далее
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, бүгүн, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды. Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропорттон Президент Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды. Жамааттык коопсуздук […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропорттон Президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды. Жамааттык коопсуздук […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропорттон Президент Александр Лукашенкону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды. Жамааттык коопсуздук […]Читать далее