Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу кыргызстандыктар! Соңку тарыхыбызда коррупцияга чырмалышып калган авторитардык бийликке каршы күрөш кечээ жакында белгиленген Аксы окуясынан башталып, мына бүгүн эскерилип жаткан 24-марттагы Элдик революция, 7-Апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду. “Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. Бул кылмышты […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Ноорузду майрамдоого катышты. Иш-чара майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы гармониянын, жаңылануу менен кайра жаралуунун маанилүүлүгү тууралуу театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. Андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көрктөнүп келе жаткан жаратылыш менен баба дыйкандын ажырагыс биримдигин даңазалаган бул майрамдын мааниси бийик, шааниси ыйык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкектин батыш тарабында жайгашкан “Аккула” ат майданынын жаңы курула турган имаратын түптөө үчүн “мезгил кутусун” салды. Жаңы ат майдан курула турган жерде чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Садыр Жапаров жакшынакай саамалыкта – күн менен түн теңелип, жандануунун башаты болгон Нооруз майрамында баардыгы менен жүз көрүшүп жатканына кубанычта экенин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кадырлуу калайык-калк! Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер! Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарын кастарлап, сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын улуттук камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн камсыздандыруу рыногуна карата ишенимин жогорулатуу, камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген залал менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Мамлекеттик органдар, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын ишинен кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, компаниянын кеңсесине мамлекет башчысы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышуудан соң баш бакты. Эки компания бир көп кабаттуу имаратта жайгашкан. “Президент Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесин карап, келген жарандар менен баарлашты”, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, “China State Railway Group Co., Ltd.” компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнду кабыл алды. Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлде экендигин канааттануу менен белгиледи. Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын Төрагасы Си […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Президент өз сөзүндө жарандардын жана алардын мүлкүнүн корголушун камсыз кылуу үчүн камсыздандыруунун, ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал жарандарды коргоо, алардын укуктарын менен эркиндигин коргоо сыяктуу эле, мамлекеттин приоритети болушу керектигин айтты. Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу […]Читать далее