“Биздин Уюм бийик максаттарга жетүү, эл аралык аренада позицияларды бекемдөө, өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү жана элдерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө уникалдуу потенциалга ээ”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйынында баса белгиледи. Саммиттин темасы – «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, […]Читать далее
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. “Ынтымак Ордосунун” кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Анда Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу Премьер-министр мырза, Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Бүгүн Венгриянын Премьер-министри, урматтуу Виктор Орбан мырзаны, […]Читать далее
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн […]Читать далее
Кыргызстан президенти менен Венгрия премьер-министри кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрдү
“Бүгүн биз кол коюп жаткан Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация тараптардын достук, бир туугандык, өз ара урматтоо жана ишеним духунда эки тараптуу байланыштарды чыңдоого карай багытты улантууга болгон өз ара чечкиндүүлүгүн тастыктайт”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын Кыргызстанга жасаган расмий […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Венгрия Элдик Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 5-ноябрда, чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр башталаар алдында “Ынтымак Ордодо” кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү. Президент Садыр Жапаров менен Премьер-министр Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды. Аны тапшыруу аземинде Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин терең ыраазычылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Президент мырза, Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Бүгүн биз Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзаны Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол […]Читать далее