Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү барып, «Кытай-Борбор Азия» саммитине катыштыңыз. Биз жаңы доордо кыргыз-кытай мамилелерин биргелешип ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдүк, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ыкчам өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү. Мен кыргыз-кытай […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы саясий, экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүдө жана ырааттуу түрдө жаңы мазмун менен толукталууда. Сиздин жеке көңүл бурууңузга жана биздин мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө кошкон зор […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Ушул маанилүү юбилейге – Сиздин туулган күнүңүздүн 55 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана чың ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин чечкиндүү жетекчилигиңиздин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылган жана эл […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм. Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Бүгүнкү күндө Сиздин абройлуу жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан өлкөнүн туруктуу өсүшүн жана социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү демилгелерди жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Сиздин стратегиялык курсуңузду бекем кармануу менен Кыргызстан алдыга карай ишенимдүү кыймылын улантып, күчтүү жана гүлдөгөн […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «Биз Сизди боордош кыргыз элинин жогорку ишенимине жана урматына ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мекенчил жана даанышман саясатчы катары жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Кыргызстандын лидери катары Сиз көтөргөн улуттук программалар жана регионалдык мазмундагы маанилүү демилгелер натыйжалуу ишке ашырылып […]Читать далее
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. «55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз Мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, «Дордой» базарына барып, көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) ишке киргизилишине нааразы болгон ишкерлер менен жолугушту. Эске салсак, бул чара ачык-айкындуулукту жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга бөгөт коюуга багытталган жана анын жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге тиешеси жок. Мамлекет башчысы соодагерлерди угуп, бүгүнкү күндө салык кызматы жаңычылдыктарга даяр эмес экенин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, өлкөдө аккредиттелген бир катар чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Катар Мамлекетинин элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри, Бишкектеги резиденциясы менен Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиев, Москва шаарындагы резиденциясы менен Ирландия Республикасынын элчиси Брайан Макэлдафф, Астанадагы резиденциясы менен Словакия Республикасынын элчиси Роберт […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды. Эки өлкө ортосундагы мамилелердин абалы жана келечеги, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү багытында көрүлүп жаткан кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын белгиледи. Ошол эле учурда тараптар […]Читать далее