Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамга кол койду. Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, алар: – “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамда айрым терминдерди жана түшүнүктөрдү өзгөртүү жана аныктоо; – ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган “Берекет банк” тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, бул – жеке бизнес долбоор болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өткөн жума күнү маалымат сайттарында жаңы ачылган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты. Имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн. 2025-жылы президенттин Иш башкармалыгы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды.Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз милициясынын 101 жылдыгы белгиленди. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы заманбап талаптарга ылайык жабдылган атайын техникаларды көрдү. Жалпысынан 101 бирдик техника даярдалган, алардын ар бири кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн аймактарга жөнөтүлөт. Президент өз сөзүндө акыркы беш жылда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты. Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн. Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл […]Читать далее
Президент: Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттүүлүктү жана чынчылдыкты
Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарада куттуктады. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу генералдар, офицерлер жана сержанттар! Урматтуу аскер кызматчылары жана салтанаттуу иш-чаранын ардактуу меймандары! Биз бүгүн өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бир тууган Өзбекстан элине ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. “Урматтуу Шавкат Миромонович! Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана бир тууган Өзбекстан элин ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Борбор Азия үчүн тарыхый болуп калган жана кырк жылдан ашык убакыттан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө […]Читать далее
“Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысынын сөзү: “Келечектен көптү үмүттөндүргөн ардактуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары! Биз бүгүн Кыргызстандын келечегинин кепилдиги болгон үлгүлүү жаштардын ийгилигин […]Читать далее